​Россиялык журналист Иван Голуновдун анализдеринде маңзаттын издери табылган жок

  • 5 лет мурун

«Медуза» басылмасынын камакка алынган журналисти Иван Голуновдун маңзат колдонбогондугу ырасталды.

Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы нарколог адиси Евгений Брюн «Россия 1» телеканалынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, журналистке карата тест химиялык-токсикологиялык лабораторияда жүргүзүлгөн. Мындан тышкары химиктер журналисттин рюгзагынан жана батиринен алынган делген заттарды дагы текшерүүдөн өткөрүшкөн.

Иван Голунов 6-июнда баңгизат сатууга шектелип кармалган. Адвокат анын баштыгы менен батирине баңгизат атайын ташталганын билдирген.

Голунов өзүнө каршы козголгон кылмыш ишти соңку кездери иликтеп жүргөн көрүстөн бизнесине байланыштырып жатат.

Ал иликтөө ушул күндөрү жарыяланмак. Голунов кармалары менен Москвада жана Орусиянын бир катар шаарларында журналистти колдогон акциялар өттү. Өткөн ишемби күнү Москванын Никулин райондук соту анын ишин карап, 7-августка чейин үй камагына чыгарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты