Сооронбай Жээнбеков Валентина Шевченкону куттуктады

  • 5 лет мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-июнда телефон аркылуу UFC версиясы боюнча аралаш таймаш боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринде чемпиондук наамын коргоп калышы менен куттуктады.

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко 57 кг салмакта америкалык Жессика Айды нокаут менен утуп, чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму кабарлады.

Беттеш АКШнын Чикаго шаарында 8-июнда UFC 238 турниринин алкагында болду.

Шевченко атаандашына үстөмдүк көрсөтүп, экинчи раундда тээп нокаут кылды.

Мамлекет башчы куттуктаган учур жазылган видеону «Кулатуу Эртаймаш ММА» федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев «Инстаграмга» чыгарды.

Кыргызстанда туулуп-өскөн Валентина Шевченко 2018-жылдын 9-декабрында таймаштын аралаш түрлөрү боюнча UFC мелдешинде жеңишке жетип, чемпион болгон.

Быйыл 8-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков аны «Даңк» ордени менен сыйлаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты