Асылбек Сатыбалдиев Сокулуктун акими болуп дайындалды
- 5 лет мурун
Асылбек Сатыбалдиев Чүй облусунун Сокулук районунун акими болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 7-июнда кол койду.
Асылбек Сатыбалдиев 1981-жылы туулган. Буга чейин Өкмөт аппаратында агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Сокулук районунун жаңы акими жамаатка тааныштырылды.
Мурдагы аким Таалайбек Корголдоев 16-майда бошотулган.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү