Шамиль Атахановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Ал тергөө менен кызматташарын билдирген

  • 5 лет мурун

«Мыйзамдпгы ууру» Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан чыгып кетишине байланыштуу камакка алынган мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин расмий сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Атаханов кылмыш ишинин алкагында тергөө иштерин жүргүзүү үчүн 7-июнда Бишкектеги №1 тергөө абагынан ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилген.

“Адвокаттын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү маалында Ш. Атаханов тергөө менен кызматташуу ниетин билдирди. Буга байланыштуу аны камакта кармоо тууралуу бөгөт чарасы башкага өзгөртүлдү”, — деп жазылат ИИМдин расмий маалыматында.

Айрым маалымат булактары Атаханов экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берген болушу мүмкүн деп болжошууда.

Батукаевдин бошотулушу боюнча дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагыначыгарылган.

Бул иш боюнча экс-прокурор Аида Салянова камалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты