Зарылбек Рысалиев камакка алынарда ооруканага түштү

  • 5 лет мурун

ЖК депутаты, Жаза аткаруу кызматынын мурунку жетекчиси Зарылбек Рысалиев «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иши боюнча 10 саат сурак берген.

Маалыматка караганда, тергөөчү аны 48 саатка камакка алган протокол чыгарып жатканда эс-учун жоготуп ооруканага түшкөн.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы атайын оорукананын жетекчиси Гүлмира Баитова Рысалиевдин абалы оор экенин, ал реанимацияда жатканын айткан. Врачтын айтымында, Рысалиев буга чейин эки жолу инсульт алган жана кант диабети менен жабыркайт.

«Азыр кайра инсульт алдыбы же инсульт алуу коркунучу жаралдыбы аны МРТнын жыйынтыгы көргөзөт. Анын кан басымы жогору» деди Баитова.

Кийинчерээк, Зарылбек Рысалиев Super.kg маалымат булагынын кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып абалы жакшы экенин айткан.

Буга чейин дагы Зарылбек Рысалиев сурактан кийин эс-учун жоготкону боюнча маалымат чыккан эле. Бирок анда Рысалиев ЖК трибунасынан сүйлөп «Мен оңою менен өлүп кала турган адам эмесмин, мына, типтирүү эле жүрөм. Отуруп тур десеңер аны жасайын, «отжимания» кыл десеңер аны да жасап көрсөтүп берейин» деп мактанган болчу.

Батукаев 2013-жылдын апрелинде рак дартына чалдыкты деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кетишине байланыштуу кылмыш иш кайра иликтене баштады.

Анын алкагында алты жыл мурда кримтөбөлдүн «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылды.

Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.

Зарылбек Рысалиевдин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев камакка алынган. Бул иш боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов да жакында кармалган жана 7-июнда үй камагына чыгарылган.

Нарындын экс-соту Ж.А. нын жоопкерчилиги карала баштаган. Мурдагы прокурор Майрамбек Акматалиев кармалып, үй камагыначыгарылган.

Бул иш боюнча экс-прокурор Аида Салянова камалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты