​Нарында финансылык пирамида аныкталды

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Нарындагы бөлүмүнө элди алдап, финансылык пирамида түзгөндөргө чара көрүү боюнча Нарын облусунун жарандары кайрылган.

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 214-беренеси боюнча катталган.

Иликтөө учурунда элди алдоонун башында Асанбек кызы Элзат, А,Н. жана А.Р. турары аныкталган.

Аталган жарандар 2017-2018-жылдары Нарын шаарында «Five Winds» аттуу кеңсе ачкан.

Юстиция министрлигинде жана салык органдарында катталбай туруп, алар элдин ишеничине кирип, жарандардын акчасын алып, улам жаңы кардар табууга азгырып, финансылык пирамида түзүшкөн.

Баш-аягы Нарында 270 киши алданган. Кылмыштуу топ болжол менен 34 миллион сомдон ашык зыян келтирген.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тез байып кетүүгө азгыргандарга ишенбөөгө чакырат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты