«Акнет» компаниясынын төрагасы болуп Нурбек Абасканов шайланды

  • 5 лет мурун

«Акнет» компаниясынын төрагасы болуп Нурбек Абасканов шайланды.

Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин мурдагы төрагасы Нурбек Абасканов «Акнет» компаниясынын жаңы төрагасы болуп шайланганын билдирди.

Үч учредителдин экөө ал үчүн добуш берген.

Нурбек Абасканов компаниянын төрагасынын орун басары кылып Азат Базаркуловду дайындады.

28-февралда “Акнеттин” мурдагы президенти А.К., “Строй сеть” ЖЧК башкы директору Б.Е. жана “Строй сеть” бухгалтери Л.И. ИИМ тарабынан кармалган.

28-майда аларга Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча (Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которуу, адамдардын тобу же алдын- ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган) айыпталды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты