«Миллиондордун изи менен»: 5-каналдагы талкуу. Видео

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 3-июнда, саат 18 де Бешинчи каналдын “Ойбүгүн” программасы “Миллиондордун изи менен” аттуу түз эфирин уюштурду.

Талкуу “Азаттык” үналгысында уктурулган Али Токтакуновдун “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүндө айтылган миллиондорго жооп иретинде уюштурулду.

Берүүгө журналист Али Токтакунов, коомдук ишмер Эдил Байсалов, саясат таануучу Айданбек Акматов жана иликтөөдө сөз болгон Матраимовдордун атынан Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов катышты

Берүүнү журналист Азамат Кыязов алып барды.

Журналист Али Токтакунов иликтөөдө айтылган Матраимовдордун фондуна келип түшкөн чет өлкөлүк спонсорлордун атын атап кетүүнү берүүнүн башынан аягына чейин сурады.

Искендер Матраимов анын атасынын атындагы фондго акча которгон спонсорлор атын ачыкка чыгарбоону өздөрү суранганын жооп катары айтып жатты. Арабдардан фондго келген акчанын жарымы зекет, кайрымдуулук катары келээрин билдирди. Берүүнүн акырында Түркиядан келген каражаттар кимдин атынан келгенин билдирди.

Матраимов ошондой эле журналист “Али Токтакунов чоң саясатка келгени жатыптыр, Матраимовдорду иликтеп, бирөөнүн буюртмасын аткарып жатат” деп 2-3 депутат айтып жатат деди.

Али Токтакуновдон документти кимден алганына “ 5-каналдын” журналисти да, Матраимов да кызыкты.

Али Токтакунов жооп иретинде иликтөөнү алар буюртма дейби, эмне дейт, эң негизгиси бул миллиондордун изи менен андан ары иликтеп жатышканын билдирди.

Саясат таануучу Айданбек Акматов бүгүнкү күндө“Душка” (Дүйшөн Төрөкулов), “Челюсть” (Алтынбек Сулайманов), “Миллион” (Райым Матраимов) ортосунда күрөш жүрүп жатканын билдирди. Матраимовдордун адам жана финансылык ресурсу менен келечектеги шайлоого таасири тууралуу билдирди. Президенттик шайлоо штабын финансылаган деген маселеге Сооронбай Жээнбеков жооп бериши керектигин айтты.

«Азаттык» бир нече жыл аралыгында Кыргызстандан кеминде 250 миллион доллар чыгарылып кеткенин «Миллиондордун изи менен» аттуу иликтөөсүндө айткан.

Бул сумманын бир бөлүгү чет өлкө жарандарынын атына которулганы белгилүү болгон. 2011-2017-жылдар аралыгында Ош шаарындагы бир нече банктар аркылуу кеминде 700 миллион доллар сыртка которулганын айтып, мындай каражат кайдан табылганын дагы иликтеп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты