​Финансы полициясы Коррупцияга каршы эсепке 37 млн сомго жакын которду

  • 5 лет мурун

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 36 миллион 988 миң 698 сом өлчөмүндө акча которду.

Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Финансы полициясынын Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акча каражаттарынын жалпы суммасы 700 миллион 441 миң 493 сомду түздү.

Бул “Экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акча каражаттарын эсепке алуу жана топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачуу жана мамлекетке кайтарылып алынуучу акчалай каражаттарды бөлүштүрүү тартибин бекитүү жөнүндө Өкмөттүн токтомун аткаруунун негизинде ишке ашты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты