​Кыргыз балы менен мөмө-жемиши Катарда жармаңкеге коюлду

  • 5 лет мурун

Доха шаарында 4-майга чейин боло турган көргөзмө-жармаңкеге кыргыздын балы жана мөмө-жемиштери коюлду.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Катар мамлекетиндеги элчиликтин жардамы менен “Аль Азт Трейдинг” кыргыз-катар компаниясы “Рамазан фестивалы” эл аралык көргөзмө-жармаңкеге 25-апрелден бери катышып жатат. Көргөзмө 4-майга чейин улантылат.

Компания балдын түрүн жана кургатылган мөмө-жемиштерди көрсөтүүдө.

Сүрөт: ТИМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты