Министрге талапкерлерди парламент жактырды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 29-майда, Жогорку Кеӊеш жыйынында депутаттар Өкмөттөгү бош кызмат орундарына талапкерлерди кубаттады.

Өкмөттүн аппарат жетекчиси — КР министри кызмат ордуна Самат Кылжыев 110 депутаттын 102 добушу менен;

Экономика министрине- Санжар Муканбетов 106 добуш менен;

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрине- Эркинбек Чодуев 101 добуш менен;

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасына Дастан Догоевдин талапкерлиги 105 добуш менен жактырылды.

Бүгүн буга чейин депутаттар жыйында талапкерлерди талкуулаган.

Мухаммедкалый Абылгазиев ушул талапкерлердин ишине жеке жоопкерчилик аларын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты