Эмгек рыногунда суроо-талап жогору 10 адистик кайсылар?
- 5 лет мурун
Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги 2018-2022-жылдарга карата адистиктердин болжолдуу суроо-талап картасы жаңыланды.
Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо кызматы кабарлады.
Ал картага ылайык, бүгүнкү күнү суроо-талап жогору 10 адистикке төмөнкүлөр кирет:
- Маалыматтык коопсуздук;
- Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана байланыш тутуму;
- Тоо-кен иши, геологиялык чалгындоо технологиясы;
- Технологиялык машиналар жана жабдуулар;
- Медицина;
- Менеджмент;
- Маркетин;,
- Агрардык инженерия;
- Курулуш;
- Билим берүү.
Ошону менен бирге суроо-талап эң жогору жана кеңири жайылган адистиктер булар: IТ-адиси, долбоорлоочу инженер, окутуучу, юрист, медик, маркетолог, тейлөө кызматы жана эколог кесиптери.
Жыл сайын Өкмөт тарабынан жогорку окуу жайларга 5 705 гранттык орун бөлүнүп берилет.
Муну бөлүшүү