​«Акнет» компаниясынын президенти кармалды

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 28-февралда, “Акнеттин” президенти А.К., “Строй сеть” ЖЧК башкы директору Б.Е. жана “Строй сеть” бухгалтери Л.И. кармалды.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз борбору билдирди.

28-майда аларга Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси боюнча (Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же которуу, адамдардын тобу же алдын- ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган) айыпталды.

2017-жылдын ичинде “Акнет” ЖЧКсына абоненттик төлөм катары бир миллиард сомдан ашык каражат түшкөндүгү аныкталган.

Бирок “Акнет” 2017-жылдын жыйынтыгында таза киреше катары 195 млн сомду көрсөтүп, калганын чыгашага кетирген.

2018-жылдын жыйынтыгы менен “Акнет” компаниясына абоненттик төлөмдөн 1 млрд 200 млн сомдон ашык акча түшкөн.

“Акнеттин” чыгашаны негизсиз көбөйткөндүгү жана салыкка жалпы суммасы 150 млн сом карызы бар экендиги аныкталган..

“Акнет” компаниясы менен иштешкен жасалма 11 фирма белгилүү болду. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты