​Азиза чүпүрөк баштык тигип сатат

  • 5 лет мурун

Кочкордун Тѳлѳк айылынын тургуну Азиза Турусбекова желим баштыктын ордуна сапаттуу кездемеден баштык тигип, өзү да колдонот, башкаларга да сатууда.

Жергебиз желим нерселерге толуп баратат. Желим бѳтѳлкѳ болобу, баштык болобу, толтура. Окумуштуулардын айтымында, желим бѳтѳлкѳ 450-1000 жылга чейин, ал эми желим баштыктар 10-100 жылга чейин жашайт.

Желим баштыкка каршы чыгып,Төлөк айылынын тургуну Азиза Турусбекова апасы экѳѳ сапаттуу материалдан өздөрү баштык тигип айылына сатууда.

Алар тиккен баштыктын түрү кѳп. Баасы 100 сомдун тегерегинде.

—Майда-чүйдѳ баштыктар үйдѳ жатып тажатты, аларды чогултуп салуу үчүн материалдан баштык тиктим. Апам экѳѳбүз тойго, базарга, сейилге, дүкөнгө чыкканга, азык-түлүк салган баштык тиге баштадык.

Кийинчерээк бизнеске айланттык. Баштыкты базарга ѳткѳрѳбүз, кардарлар көп алышууда.

Баштыкты сатып алган киши узак мөөнөт кѳтѳрѳт деп кепилдик бере алам. Анткени биз алып тиккен материалдар сапаттуу, Түркиядан келет,- дейт ал.

Айтмакчы, Банглашед, Тайван, Танзания ж.б. мамлекеттерде желим баштыктарга тыюу салынган. Бизде да ал көйгөй көп эле көтөрүлүп келет, бирок желим баштыккка тыюу салган киши жок болууда.

Айгүл Молдоканова

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты