​Сагынбек Абдрахманов: “Атамбаевдин иш- аракеттери мыйзамсыз”

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 28-майда, КСДП партиясынын төрагасы Сагынбек Адрахманов маалымат жыйын өткөрүп, Атамбаев өткөргөн сьездди мыйзамсыз деп атады.

—Алмазбек Атамбаевдин 6-апрелде өткөргөн съезди лигитимсиз. Анткени саясий кеңештин чечими менен ал съезд туура эмес чакырылган деп табылган. Атамбаев партиянын чечимдерин четке кагып, 18-съездди 3-апрелге жылдырган. Ал сьездде мен төрага болуп шайландым. Демек, 6-апрелде өткөрүлгөн съезд легитимсиз жана анда кабыл алынган чечимдердин баары легитимсиз,-деди Абдрахманов.

Ал Алмазбек Атамбаевге кайрылды:

—Ошондуктан, Алмазбек Шаршенович, сизге эскертүү катары айтып жатам. Элдин башын айлантканды токтотуңуз. Өлкөдөгү саясий абалды курчутуу менен жеке кызыкчылыгыңызды коргоону токтотуңуз. Азыр сизде партиянын төрагалыгынан кетүүнүн зарылчылыгы жок. Себеби сиз 3-апрелден бери төрага эмессиз. Мындан ары дагы ушундай мыйзамсыз кадамдарга бара берсеңиз, анда мен дагы чечкиндүү иш-аракет жасарымды эскертем. Сизге КСДПнын учун дагы карматпайбыз.

Мындан сырткары Сагынбек Абдрахманов Азиз Батукаевдин ишине Атамбаевдин тиешеси бардыгын айтып өттү:

—Шамил Атахановду СИЗОго киргизип жатышканда, фикциянын жакында аягына чыгарын айтты. Фикция деп айтты. Бирок, анын артында ким тураары чоң суроо жаратат. Бусурманкул Табалдиев сыяктуу күчтүү, таасирдүү адамдардын буйрутма берип турганы белгилүү. Алмазбек Атамбаев бул иштегибылыктары үчүн жооп бериши керек.

Ырысбү Кылычбек кызы

Сүрөт: Автордуку

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты