Экономика министрине Санжар Муканбетовдун талапкерлиги жактырылды
- 5 лет мурун
Экономика министрлигине Санжар Мукамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинде жактырылды.
Мукамбетов буга чейин финансылык рынокту көзөмөлдөө кызматынын төрагасы болуп иштеп келген.
Санжар Мукамбетов 1972-жылы 12-декабрда туулган. 1994-жылы КТУну, 2003-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктап, экономика адистигине ээ болгон.
Буга чейин экономика министри Олег Панкратов өз каалоосу менен кызматтан бошотулган.
Муну бөлүшүү