Премьер-министр Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок
- 5 лет мурун
Бүгүн, 28-майда, Жогорку Кеңеш комитетинде айыл чарба министрлик кызматына талапкер талкуулоодо Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин колдогон жок.
Премьер-министр кадрлардын жаштыгына басым жасай бербеш керек экенин билдирди.
—Тилек Токтогазиев жаңыча ой жүгүрткөн жаш ишкер. Күнөскана бизнесин аркалайт. Бирок, менимче, жаштыгына жана билимине карабастан, тажрыйба да керек, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Абылгазиев Эркинбек Чодуевдин талапкерлигин сунуштады. Чодуев айыл чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары болуп иштейт.
24-майда жаш ишкер Тилек Токтогазиев өзүн-өзү айыл чарба министрлик кызматына сунуштаган.
29 жаштагы Токтогазиев өзүнө команда түзүп жатканын, инвестиция тартып келерин билдирген.
«Бир бол» фракциясы Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин Премьер-министрге сунуштаган.
Айыл чарба министри Нурбек Мурашев өз арызына байланыштуу кызматтан бошотулган.