Нурбек Мурашев айыл чарба министри кызматынан бошотулду
- 5 лет мурун
Бүгүн, 27-майда, Нурбек Мурашев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду.
Тиешелүү жарлыкка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
24-майда Мурашев министрлик кызматынан отставкага кеткен. Премьер-министр аны жазган арызына ылайык кызматтан бошотуу тууралуу Президентке кайрылган.
Анын ордуна жаш ишкер Тилек Токтогазиев өз талапкерлигин сунуштаган.
Муну бөлүшүү