​Мектепте акыркы коңгуроо кагылды

  • 5 лет мурун

Быйылкы жылы мектепти 60 миңден ашык окуучу аяктап жатат.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Бишкек шаарындагы Токомбаев атындагы № 24 мектеп-гимназиясындагы Акыркы коңгуроо салтанатына катышты.

Вице-премьер-министр Өкмөттүн атынан бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

«Быйыл республика боюнча мектепти 60 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктап жатат. Мен ар бири өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошо алат деп ишенем» деди ал.

«Силердин мектепте Мар Байжиев, Гүлсара Ажибекова, Чыңгыз Айдарбеков сыяктуу көрүнүктүү инсандар окуган, Белгилүү дарыгер Мирсаид Миррахимов саламаттык сактоо кадрларын даярдоого зор салымын кошуп, 100 дөн ашуун доктор жана илимдин кандидаттарын даярдаган», — деп айтты вице-премьер.

Сүрөттөр: Өкмөттүн маалымат кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты