​Таза суу боюнча 15 млн евродон ашуун эки долбоорго кол коюлат

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарында «Аймактар үчүн Таза суу» Форуму өтүп жатат.Форумдун алкагында 15 млн евро турган эки долбоорго кол коюлат. Форумдун ишине Президент Сооронбай Жээнбек катышып жатат.

Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Сума Чакрабарти, министрлик, ведомстволор, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу орган жетекчилери, суу менен камсыздоо муниципалдык ишкана директорлору, донорлук коомчулук өкүлдөрү катышып жатат.

Анда өлкөнү таза суу менен камсыздоо, санитария жана ирригация тармактарын жакшыртууга багытталган стратегияларды жана конкреттүү кадамдарды талкуулоодо.

Форумдун жүрүшүндө Өкмөтү жана ЕРӨБ ортосунда суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга кол коюлат — Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча макулдашуу жана Жалал-Абад шаарында суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча макулдашуу.

Эки долбоордун инвестицияларынын жалпы суммасы 15 млн евродон ашуун сумманы түзөт.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты