​Депутат Бакиров: “Токтогул райондук атайын фондун бир үй-бүлө башкарып калыптыр”

  • 5 лет мурун

Депутат Мирлан Бакиров Токтогул районунун көйгөйүн бүгүн, 23-майда, Жогорку Кеңеш жыйынында көтөрдү.

Анын айтымында Токтогул районуна бюджеттен бөлүнүп турган каражат боюнча элдин нааразачылыгы арбын.

—Жергиликтүү тургундардан кайрылуулар түшүүдө. Алардын айтымында, Токтогул районунун атайын фондун бир үй-бүлө мүчөлөрү башкарып, каражат башаламан жумшалат экен. 70 млн сом аз каражат эмес, фонддун акыркы үч жылдагы ишине иликтөө жүргүзүп, каражаттын кайда жана кандай жумшалып жатканын тактоо зарыл, — деди депутат.

Кезинде Токтогул жергесиндеги 33 миӊ гектар жер суу сактагычка берилип, 43 адам адам башка жерге көчүрүлгөн. Ошол кенемтени толтуруу катары, Токтогул районунун атайын фонду түзүлүп, ага жыл сайын бюджеттен 70 млн сом которулуп турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты