Сооронбай Жээнбеков Шаршембиевдин отставкасын кабыл алды
- 5 лет мурун
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Бакыт Шаршембиевдин отставкасын кабыл алды.
Бакыт Шаршембиев Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Бүгүн Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шаршембиевди арызына байланыштуу кызматынан бошотуу боюнча Президентке сунуш киргизген.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү