​“КТ Мобайл” чуусу: Бакыт Шаршембиев отставкага кетти

  • 5 лет мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Президент Сооронбай Жээнбековго Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди берген арызына ылайык кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизди.

Бакыт Шаршембиев кызматтан кетүү керек деген чечиминин бир себебин “КТ Мобайл” компаниясынын чуусуна байланыштуу экенин билдирди.

Ошондой эле бүгүн Премьер-министр Президентке Өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду берген арызына ылайык кызматынан бошотуу жөнүндө сунуш киргизген.

Анда анын кызматтан кетүү себеби айтылган эмес.

«КТ Мобайл» компаниясындагы чуудан кийин аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов кызматынан кетүүгө арыз жазган, ага Абылгазиев бүгүн, 21-майда, кол койгон.

Өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, «Ачык Өкмөт» улуттук форумунун катчылыгынын жетекчилигинин айланасындагы акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды деп айтылган.

КТ Мобайл» маселесин парламенттик комиссия териштирген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиевдин уулу Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайл” компаниясынын директорунун орун басарлыгы кызматынан, баш директору Нурбек Мукамбетов кызматынан бошогон.

“Ачык Өкмөт” секретариатынын жетекчилигинен Иманкадыр Рысалиев отставкага кеткен.

Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты