​Иманкадыр Рысалиев Жамангуловдун айткандары сандырак сөз, курулай жалаа деди

  • 5 лет мурун

«Ачык Өкмөт» долбоорунун секретариатынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев «Мегаком» жетекчиси Акылбек Жамангуловдун «КТ Мобайл» компаниясы боюнча парламенттик комиссия талкуусунда 17-майда аткандары сандырак сөз, курулай жалаа деп айтты. Аны менен өлкөнүн, балдардын келечеги тууралуу сүйлөшкөнүн билдирди.

“Мен укук коргоо органдарын Акылбек Жамангуловдун айтканын текшерип чыксын деп расмий айтам. Менин ага жазгандарымды иликтеп чыгышсын. Ал жакта коркутуу бар бекен?” деди ал.

«Мен өз өлкөңдү, өз балдарыңды, элдин балдарын да ойло» деп жазгам деп билдирди. .

Ошондой эле ал Жамангуловду элдин башын айландырып, чет элдик уюлдук компаниянын кызыкчылыгын көздөп, улуттук компаниянын иштешин каалабай жатат деди.

Бүгүн «Мегаком» жетекчиси Акылбек Жамангулов аны Иманкадыр Рысалиев коркутуп, балдарыма чейин асылды деген.

Социалдык тармактарда Иманкадыр Рысалиевдин Жамангуловго жазган сөздөрү тарады.

Сүрөт: Интерент булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты