​Нуржигит Кадырбеков: «Ал позитивдүү эле акция болгон. «Без комментариев»

  • 5 лет мурун

Журналист, акын, жазуучу Элмира Ажыканова фейсбуктагы баракчасына “Сабаттуу бол!” акциясында мамлекеттик кызматкердин кызмат абалынан пайдалангандыгы тууралуу жазып чыкты.

Ал эми окуяга күбө болгондор кызмат абалынан пайдаланган мамлекеттик кызматкер Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков экенин айтып жатышат.

Элмира айым минтип жазды:

—“Сабаттуу бол!” акциясында мен кирген аудиторияга мамлекеттик кызматта иштеген, элге таанымал болуп калган жигит жат жазууну окуп берди. Намаз окуп, дин эрежелерин карманат окшойт. Анысына кымындай да каршылык жок.

Бирок текст катылган жашыруун конвертти тандатканга орозо кармагандардан чыксын деген шарт койду. Орозо кармаган кыз конвертти сууруп чыкты.

(Орозо кармабагандардын беделине шек келтирди жана орозону рекламалады).
Урматтуу динди тутунган мамлекет кызматкерлери, мамлекеттин иштерине динди аралаштырбагыла,- деп жазды ал.

Биз бул айтылгандар чынбы, текст катылган конвертти эмне себептен орозо кармаган гана киши тандашы керек деп сураганыбызда, министрдин орун басары Нуржигит Кадырбеков комментарий берүүдөн баш тартты :

—Ал позитивдүү эле акция болгон. «Без комментариев”, — деди Кадырбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты