Жалал-Абадда нефть базасынан өрт чыкты. 2000 дей киши эвакуацияланды (Видео)
- 5 лет мурун
Бүгүн, 10-майда, Жалал-Абаддагы нефть базасынан өрт чыкты.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМ Жалал-Абад облусунун башкармалыгынын күч каражаттары, Ош облустук башкармалыктан да кошумча өрт өчүрүү бөлүм жана көбүк алынып келди.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 10 бөлүм, 2 автошаты тартылды.
ӨКМ ыкчам тобу, шаардык суу чарба башкармалыгынан суу ташуучу үч унаа, РЭТ кызматынан бригада, тез жардам кызматы, ИИМ кызматкерлери жана Жалал-Абад аэропортунан өрт өчүрүүчү эки унаа, Кочкор-Атадагы Кыргыз нефть-газ ишканасынан өрт өчүрүүчү унаа жардам көрсөтүшүүдө.
2000 ге жакын киши коопсуз жайга эвакуацияланды.
Өрттөн 1995-жылы туулган Ж. у Б. жабыркаган.
Министр Нурболот Мирзахмедов Кризистик кырдаалдарды башкаруу борбору аркылуу онлайн режиминде өрттү көзөмөлдөп жатат.
Сүрөт жана видео: ӨКМ