1993-жылы беш күн сом менен рубль бирдей колдонулган
- 5 лет мурун
Бугүн, 10-майда, улуттук валюта — сомдун жүгүртүүгө чыгарылышына 26 жыл толот.
Улуттук банк билдиргендей, Кыргыз Республикасынын бардык аймагында расмий төлөм каражаты болгон улуттук валюта – сом 1993-жылдын 10-майында жүгүртүүгө чыгарылган.
Кыргыз сому менен орус рублинин катар колдонулушуна 5 күн – 1993-жылдын 10-майынан тартып 14-майына чейинки мезгил аралыгында гана жол берилген.
1993-жылдын 14-майынан тартып сом Кыргыз Республикасынын жалгыз мыйзамдуу төлөм каражатынан болгон.
Эгемендүү мамлекеттин өзүнүн валютасын жүгүртүүгө чыгаруу жөнүндө чечими өлкө үчүн экономикалык саясатты көз карандысыз аныктоого, Улуттук банктын акча-кредит саясатын өз алдынча жүргүзүүгө негиз түзгөн.
Муну бөлүшүү