​“Өлбөс полк” жүрүшү (Фоторепортаж)

  • 5 лет мурун

Бүгүн, Кыргызстанда «Өлбөс полк» жүрүшү болуп өттү

​“Өлбөс полк” жүрүшү (Фоторепортаж)

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарында өткөн «Өчпөс полк» жүрүшүнө катышты.

Мамлекет башчы «Өчпөс полк» жүрүшүнө өзүнүн чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин алып чыкты.

Эске салсак, мамлекет башчы былтыр да «Өлбөс полк» жүрүшүнө катышкан.

«Өлбөс полк» жүрушүнө экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышып, атасынын сүрөтүн көтөрүп чыкты.(Экс-президенттин сүрөтү КСДП басма сөз кызматы)

Журүшкө чыккандар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы жоокерлердин эрдигин даңазалаган ырларды ырдап барышты.

«Бүгүнкү 9-май — Улуу Жеңиш күнү ар бирибиз үчүн ыйык күн!» деди мамлекет башчы.

«Биздин келечек үчүн өмүрүн арнаган аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын элесине таазим этебиз. Бүгүнкү биздин жүрүшүбүз — алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналат. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, кийинки муундардын да жүрөгүндө сакталат. Дүйнөдө тынчтык, элибизде ынтымак, аманчылык болсун!», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Жүрүшкө катышкандар «Аталарга даңк!», «Жеңишке даңк!» деп кыйкырып жатышты.

Сүрөттөр: Президенттик аппараттын басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты