Азиз Батукаевдин иши боюнча врачтар кармалды
- 6 лет мурун
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча врачтар кармалганын Кыйноолордун алдын-алуу борборунун жетекчисинин орун бсары Динара Саякова ЖМКга билдирди.
Кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы А.А., Саламаттык сактоо министрлигинен Б.К. жана №47 абактын ооруканасынын башкы врачы А.Ф. Бирок бул маалыматты ИИМ тастыктай элек.
Буга чейин Батукаевдин иши боюнча врач-онколог Эмил Макимбетовду Ички иштер министрлиги кармагандыгы кабарланган.
Кримтөбөл Азиз Батукаев 2006-жыды киши өлтүрүү, курал алуу, баш-аламандык уюштуруу боюнча 16 жылга эркинен ажыратылган. 2013-жылы Нарындын соту анын рак илдетине кабылганына байланыштуу деген жүйөдөн улам абактан бошоткон.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү