Тукеш Токтомушев 17 жашында фронтко чакырылган
- 5 лет мурун
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Улуу Ата Мекендик согуштун Нарын шаарында жашаган ардагери Тукеш Токтомушевден кабар алды.
Карыя быйыл 96 жашка чыгат. 1942-жылдын апрелинде 17 жашында фронтко чакырылган.
1945-жылдын февралында ден соолугуна байланыштуу аскердик кызматтан чакыртылып, оорукта кызмат өтөгөн.
1949-жылдан 1954-жылга чейин Тянь-Шань облустук даярдоо кеңсесинде башкаруучу болуп эмгектенген.
Ардагердин сегиз баласы жана небере-чөбөрөлөрү бар.
Сүрөт: Өкмөттун маалыматтык кызматы.
Муну бөлүшүү