​Ысык-Көлдө жер титирөө күчү 4,5 баллга жетти

  • 5 лет мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 5-майда саат 12:54тө Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылында – 4,5 балл, Ыштык айылында — 3,5 балл жана Кара-Сай айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Мындан сырткары Ак-Суу районунун Эңилчек, Курган айылдарында 3 балл, Койлуу, Таш-Короо, Май-Саз айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты