Ардагер үйүндөгү ишембилик

  • 5 лет мурун

Улуу Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү максатында Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин аскер кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин үйүнө ишембилик уюштуруп жатышат.

Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча комитеттин басма сөз кызматы маалымдады.

Бул жолу алар согуштун ардагери, 94 жаштагы Кыдыргыч Исеевдин үйүндө ишембилик өткөрүштү.

Аскер кызматкерлери шаймандарын ала барып, ардагердин короосун тазалады, эшик-терезелерин жууп беришти.

Ишембиликке катышкан аскер кызматкерлерин жетектеп барган полковник А. Ибраев Кыдыргыч аксакалдын согуш учурунда башынан өткөргөн аңгемесин угуп, жаштарга айтып берди. Ардагер аксакал эшикке чыгууга дарманы келбей калган.

Кыдыргыч Исеев 1943-жылы согушка чакырылып, фронттордун биринде жарадар болгон.

Бүгүнкү күндө ардагерлердин катары суюлуп баратканын, алардын эң кичүүсүнүн жашы 90 ду таяп калганын эске алып, аскер кызматкерлери аларга жардам берип жатышат.

Сүрөттөрү: Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты