​Жаңы конуш дарыгерлери позитивдүү ой-жүгүртүү окуусуна катышты

  • 5 лет мурун

Бишкек шаарынын бир катар жаңы конуштарынын дарыгерлери позитивдүү ой жүгүртүү боюнча эки күндүк окууга катышты.

Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду билдирди.

Аталган иш-чара “Бишкек шаарынын жаңы конуштарында социалдык жана гендердик теңчиликти илгерилетүү аркылуу ынтымакты бекемдөө” аттуу сыноо иретиндеги долбоор.

Позитивдүү, изги ой жүгүртүү боюнча окуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана БУУнун Калкты жайгаштыруу боюнча фонду тарабынан уюштурулду.

Анда 10 жаңы конуштун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчилери, дарыгерлер, медайымдар, коомдук ден соолук комитет мүчөлөрү окуду.

Ак-Тилек конушундагы №6 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Акылай Эсенгелдиева мындай окууга көптөн бери муктаж болуп келгендигине токтолду:

—Биздин кесипте адамдар менен сүйлөшүү өтө оор. Бизге дене-бою гана ооруган эмес, ички дүйнөсү да жабыркаган адамдар келет. Мындай учурда өзүбүздүн ден соолугубуз да чың болуп, изги ой жүгүртүшүбүз зарыл,- деди ал.

Катышуучулар окуу учурунда активдүү болуп, кээ бир тапшырмалар оюн катары, театрлаштырылып аткарылып жаткандыгын уюштуруучулар өзгөчө белгилешти.

Эки күндүк окууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун программалык менеджери, “Ынтымактуу конуштар” долбоорунун координатору Сагипа Жусаева өттү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты