Кореядагы фестивалда

  • 5 лет мурун

Кореянын борбордук аянтында, Сеул шаарында 27-28-апрелде Global Bridge — Орто Азия аттуу жаз фестивалы болуп өттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргыздардын «Нуска» аттуу жаш, чыгармачыл тобу комуз, ооз комуз, чопо чоордо ойноп беришти.

Борбор Азияда белгилүү дизайнер Жумагүл Сариеванын «Чапан KG» мода көрсөтүүсү өттү.

Келгендердин көңүлүн тартып турган кыргыз боз үйү болду. Коноктор Кыргыз элчилигинин кызматкерлери жасаган боорсок, бал, кыям, сүмөлөк кошулган самоор чайынан татып көрүштү.

Ал жактагы кыргызстандыктар конокторго нан, шашлык, самсы жана палоо тартуулап, ошондой эле кол күрөш уюштуруп күчтөрүн сынап көрүштү.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты