​Жалил Атамбаев журналист Ыдырыс Исаковдон 50 млн сом өндүрүүнү соттон суранды

  • 5 лет мурун

Милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев «Азаттык» радиосунун кабарчысы Ыдырыс Исаковдун иликтөөсү үчүн Ош шаардык сотуна арыз жазып, Исаковдон 50 млн. сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранган.

17-апрелде журналист Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялаган.

Иликтөөдө жылына Кыргызстандын казынасына көмүскө экономиканын айынан 40 млрд. сом түшпөй калары айтылып, салыктан качкан ишкерлер жөнүндө сөз болгон.

Анда милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаев тууралуу кеп болуп, анын салыкка байланышкан аракеттери жана күмөндүү схемалары баяндалган.

Иликтөөнү YouTube каналынан 377 миң адам көргөн.

Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү иштерин баштап, көрсөтүүдө айтылган фактылар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Учурда иликтөө иштери Жазык кодексинин 232-беренеси («Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу») менен текшерилип жатат.

Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаков менен кошо видео иликтөөдө анын схемаларын ачыкка чыгарган Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан беш миллион сом өндүрүүнү суранган.

Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени эл ичинде айтылып келет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты