​Кытайдагы кыргыз, казак, уйгурлардын укугунун бузулушу Женевада талкууланат

  • 5 лет мурун

Бүгүн Булан институту Кытайда жашаган кыргыз, казак, уйгур этникалык азчылыктардын укугунун бузулуп жатышын талкуулаган тегерек столду Женева шаарында өткөрөт.

Бул тууралуу Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова билдирди.

Жыйында Кытайдын Синьцзян аймагында жашаган этникалык кыргыз жана казактардын Кытай бийлиги тарабынан “кайра тарбиялоочу” деп аталган лагерлеринде камалып, көбүнүн тагдыры Казакстан жана Кыргызстандагы туугандарына белгисиз болуп аткандыгы да талкууланат.

Жыйынга Женевадагы эл аралык уюмдар жана бейөкмөт уюмдар катышат.

Булан институту — Бишкекте жана Швейцариянын Женева шаарында кеңселери бар бейөкмөт уюм.

Женевадагы кеңсеси Борбор Азиядагы коопсуздук жана адам укугу маселелерине арналган эл аралык долбоорлордун үстүндө иштейт. Аталган институттун негиздөөчүсү жана директору — белгилүү журналист Чолпон Орозобекова.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты