Турускулов: “Өкмөттө саясий эрк болушу керек”
- 5 лет мурун
Бүгүн, 25-апрелде, Жогорку Кеңеште Өкмөттүн жылдык жыйынтыгы талкууланып жатканда депутат Жыргалбек Турускулов Өкмөттө саясий эрк болушу, кардиналдуу реформага барышы керектигин айтты.
—Сизге чейинки өкмөт башчылар бир жылга жетип-жетпей кеткен. Сизге бир жыл иштөөгө мүмкүнчүлүк болду.
Азыр бардык тармакта көйгөйлөр бар” деди Турускулов.
Анда ары депутат ар бир тармактагы көйгөйлөрдү учкай санап өттү.
— Айыл чарба тармагы иштөө системасын өзгөртүү керек;
— Саламаттык сактоодо максатсыз чыгымдарды азайтуу, заманбап саламаттык сактоо мекемелерин куруу керек;
— Энергетика тармагында ГЭСтерди реконструкциялоо, кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү керек. Тармак 100 млрд сомдон ашык карызга батты;
— Сунушум—50 дөн ашык жеке менчик компанияларынын тариф саясатын карап чыгуу керек. Кайсы компания канча салым салганын карап чыгуу. “Улуттук энергохолдинг” максатына жеткен жок;
— Кыргызстан эки баскыч бюджетке өткөн, бирок максатка жеткен жокпуз;
— Губернатор институтун жоюу керек. Акимдерге укук бериш керек, айыл аймактарын бириктириш керек.
— Көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу;
— Айлык акыны карталык системага өткөрүү;
— Бажыдан кирип-чыгып жаткан товарларды көзөмөлгө алуу;
— Темир жол курууну тездетүү;
— Кадр саясатында жетекчиге кадр алууга укук берүү;
— Аппарат ичиндеги бюрократиядан арылуу;
— Кардиналдуу, тез, ыкчам кадамдарга баруу;
— Саясий эрк болуш керек,- деди депутат Турускулов Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып.