14 жаштагы кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелип 26 жаштагы адам кармалды

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сокулук районунда 14 жаштагы кыз менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелип 26 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда Сокулук райондук милициясына Новопавловка айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын майына чейин анын 14 жаштагы жашы жете элек кызын 26 жаштагы С. К. аттуу жаран зордуктап жүргөнүн билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 157-беренеси (“Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Териштирүү иштеринин алкагында жабырлануучу Б.А. С.К менен Instagram социалдык түйүнү аркылуу таанышып, алты ай сүйлөшүшкөнүн айткан жана бул убакыт аралыгында жыныстык катнашта болушканын билдирген. Окуя тууралуу Б.А. жигити башка кызга үйлөнүп алган соң апасына айтып бергени маалым болгон.

Милициядан билдиришкендей, кылмышка шектүү катары 26 жаштагы С. К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү Б. А. менен социалдык түйүндөрдүн биринен таанышып, сүйлөшүп калышканын айткан жана алардын ортосунда өз эрки менен жыныстык катнаш болгонун билдирген.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты