14 айылдык кеңешке шайлоолор өттү
- 1 год мурун
Кечээ, 9-апрелде, Баткен, Талас, Нарын, Чүй, Ош облустарынын 14 айылдык кеңешине шайлоолор өттү.
Бардыгы болуп 72 009 шайлоочу тизмеге кирген, анын 841и электрондук добуш берүү тизмесине киргизилген.
Шайлоодо добуш берүүгө 28088 же жалпы тизменин 39,01% шайлоочу катышты. Электрондук добуш берүүгө тизмеге кирген 841 шайлоочунун 694ү добуш берди.
Шайлоонун жыйынтыгы 30 күндүн ичинде чыгарылат.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү