​Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Россияга барды

  • 5 лет мурун

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын Орусия президенти Владимир Путин менен жолугуу үчүн бүгүн таң эрте Орусияга барды.

Хасан станциясында Ким Чен Ынды Приморья губернатору Олег Кожемяко, Ыраакы Чыгыш жана Арктиканы өнүктүрүү министри Александр Козлов тосуп алды.

Хасанда Ким Чен Ын Орус-корей достук үйүнө барды. Бул үй “Ким Ир Сендин үйү” деген ат менен белгилүү. Үй 1986-жылы анын атасы СССРге келер алдында курулган.

Мындан соң Түндүк Корея лидери Уссурийскке сапар алды. Андан соң ал Владивостокко барып, 25-апрелде Россия президенти Владимир Путин менен жолугат.

«Коммерсантъ» маалымдагандай, саммит Русский аралындагы Ыраакы Чыгыш федералдык университетинин кампусунда өтөт.

Алгач эки өлкө лидерлери бетме-бет жолугушуп, андан кийин кеңири чөйрөдө пикир алышат.

Сапарга даярдык көрүү үчүн буга чейин Владивостокко Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Е Чжон келген.

Ким Чен Ын 2011-жылы бийликке келгенден бери Орусияда болгон эмес. Владимир Путин менен жолугуша элек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты