​Сооронбай Жээнбеков мектеп көйгөйлөрүн өз көзү менен көрдү​

  • 5 лет мурун

Президент Жээнбеков Сокулук районундагы Орок орто мектебине жана Бишкектеги № 59 мектептин көйгөйлөрүн барып көрдү.

Мамлекет башчы Бишкек жана Чүйдөгү мектептердеги окуучулар санына ички миграция таасир этип жатканын белгиледи.

Финансы министрлиги Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн каражаттан тиешелүү сумманы Бишкек жана Чүй облусунда мектеп жана кошумча корпус курууга багыттап жатканын айтты. .

Директор Айгүл Исакованын айтымында, Орок орто мектеби 1984-жылы курулган. 320 окуучуна эсептелсе, азыр 1910 бала окуп жатат.

Ал жакка «Ак-ордо», «Арча-Бешик», «Ак-Өргө», «Салкын төр», «Сары Ѳзɵн» ж.б. жаңы конуштардан, коңшу айылдардан да окуганы келишет.

№ 59-мектептин директору Маргарита Ситникованын айтымында, мектеп 1962-жылы курулган. Мектеп 400 окуучуга эсептелсе, 1112 бала билим алат.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматыныкы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты