​Талаштарды сотко чейин чечүүнү үйрөтүү курсу

  • 5 лет мурун

Талаштарды сотко жеткирбей кантип чечүүгө болот? Бул тууралуу Бишкекте медиаторлорду даярдоо курсунда, 22-27-апрелде сөз болот.

“Казакстан медиаторлор ассоциациясы” уюмунун жетекчиси Жандильда Жакупов тажрыйбасы менен бөлүшөт.

.Курстун катышуучулары – аймактык аксакалдар сотторунун мүчөлөрү, адвокаттар жана “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин (Кыргызстан) өкүлдөрү.

Анда жаңжал, анын түрлөрү жана жүрүм-турум багыты, ошондой эле жаңжал учурунда сүйлөшүү боюнча атайын ыкма, коммуникативдик өнөр үйрөнүшөт.

Катышуучулар сотко чейин, соттон тышкары жана сот учурундагы жана үй-бүлөлүк, эмгек, социалдык, граждандык, жаза, административдик, коммерциялык талаштардагы медиациянын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышат.

Үй-бүлөлүк, эмгек жана коммерциялык талаштардагы сотко чейин чечкен медиация институту Кыргызстанда 2018-жылдын февраль айынан тарта иш жүргүзөт.

Аталган курс USAID жана Кыргызстандагы Укукту өнүктүрүү эл аралык уюмунун (IDLO) “Сотторго ишеним” программасынын алкагында жана “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмеси, Казактан медиаторлор ассоциациясы менен бирге уюштурулат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты