Түрк фильмдеринин жумалыгы башталды

  • 5 лет мурун

Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинде III Түрк фильмдери жумалыгына байланыштуу басма сөз жыйыны өттү.

Ага Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу, Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат жана кино актёрлор, режиссёрлор катышты.


Түркия президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчунун айтымында, Түркия Кыргызстан менен бир гана саясий тармакта эмес, маданий да мамилесин өнүктүрүүгө аракет кылат:

Түркия мамлекети Кыргызстан менен бир гана саясий тармакта эмес, маданий тармакта дагы мамилесин өнүктүрүүнү каалайт. Ушул нерсеге басым жасап айткым келет. Өлкөлөр арасындагы маданий мамиле-бардык мамилелердин сыйкырдуу ачкычы.

Анын аркасында туризм, экономика, саясий тармактардагы маамилелер түзүлөт. Түркиядан алынып келинген фильмдерди көргөндөн кийин, Анадолудагы бир туугандарыңардын эмнеге күлүп, эмнени ойлонуп жашаганын биле аласыздар.

Мынданр сырткары режиссерлор кыргызстандык кинематографисттер менен бирге Орто Азия тарыхындагы улуу инсандар тууралуу фильмдерди тартуу ниеттери бар экендигин билдиришти.

Түрк фильмдеринин жумалыгында төмөндөгү фильмдер көрсөтүлөт:

  • “Биз үчүн чемпион”;
  • “Бөрү”;
  • “Чөөлөр менен бий”5;
  • “Жигердүү тайпа”;
  • «Уюштуруу иштери»-2.

Фильмдер “Манас” кинотеатрында 22-апрелден 26-апрелге чейин болот. Кирүү акысыз.

Түрк фильмдеринин жумалыгы башталды

Түрк актрисасы Ханде Катипоглу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты