​КСДП өкүлдөрү Юстиция министринин отставкасын талап кылышты

  • 5 лет мурун

Бүгүн, 22-апрелде, Кыргызстан социал-демократтар партиясынын өкүлдөрү каршылык акциясына чыгышты. Алар Юстиция министрлиги КСДП партиясын Сагынбек Абдрахмановдун атынан каттаганына нааразылыгын билдиришти.

Иш-чарага катышкандар Сагынбек Абдрахмановду саясий рейдерликке барды, Юстиция министрлиги болсо аны колдоду деп нааразылыгын билдиришти.

КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов иш-чарада мындай деди:

—Юстиция министрлиги адилеттикти туу туткан орган болушу керек. Бирок ал өзү мыйзамсыздыкка жол берип жатат. Рейдерлик бир гана КСДПга тиешелүү эмес, бул «Айкөл Ала Тоо» коомдук бирикмесинде да болуп жатат. Буга чейин саясий бирикме, коомдук уюмдарды тартып алуу болгон эмес, — деди Турдукулов.

Митингге чыккандар Юстиция министрлиги Марат Жаманкуловдун отставкасын талап кылышты. Ошондой эле Жогорку Кеңешти таратуу керек экендигин айтып чыгышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты