​Этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясы Максат Чакиевди сотко берүүгө укуктуу

  • 5 лет мурун

Алматыда 19-апрелде өткөн Этноспорт боюнча эл аралык форумда Максат Чакиев өзүн теңдеши жок улуттук долбоор болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын автору катары атаганын Этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясы айыптады.

Бул тууралуу Этно оюндардын дүйнөлүк конфедерациясынын басма сөз кызматы кабарлады.

“Этноспорт боюнча Алматыдагы эл аралык форумда Кыргызстандын атынан барып, өзүн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын баштоочусу жана автору катары көрсөткөнү чындыкка жатпайт” деп билдирди Дүйнөлүк этно оюндардын конфедерациясы (WEC).

Аталган конфедерация Көчмөндөр оюндарын уюштуруучуларынын бири болгон.

Бүткүл Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын мамлекеттик органдар, эл аралык жана коомдук уюмдар, бизнес коомчулук жана Кыргызстандын жарандары өткөргөнүн белгиледи.

Ал эми Көчмөндөр оюндарында дайыма Секретариат иштеп тургандыгы айтылды.

Максат Чакиев жалпы команданын, анын ичинде режиссерлор, сценаристтер, маркетологдор, артисттер, спортсмендер, каскадерлор, логисттер ж.б. эмгегин өзүнө ыйгарып алганы айыпталды.

Этнооюндардын дүйнөлүк конфедерациясынын президенти Асхат Акибаев мындай деди:

“Бүгүн Максат Чакиев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын автору гана болуп албастан, жалпы улуттук теңдеши жок долбоорго салым кошкондордун баарынын эмгегин өзүнө ыйгарып алды» деп белгиледи.

WEC Максат Чакиевди сотко берүүгө да укуктуу экенин эскертти.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты