​Казакстанда жол кырсыгынан 11 киши каза тапты

  • 5 лет мурун

Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы автобустагы жол кырсыгынан 11 киши каза болуп, 29 киши жабыркаганын билдирди.

Жол кырсыгы Жамбыл облусунун Кордой районунда бүгүн эртең мененки саат 5 терде болгон.

Алматы-Ташкент жолунун 181-чакырымында Тойота Камри машинасы жол боюнда токтоп турган жүк ташуучу машинаны сүзгөн. Анын артынан келе жаткан автобус кагылыштын алдын-алам дегенде автобус ала салып кеткен.

Кырсыктан сегиз киши ошол жерден жан берди, дагы үчөө ооруканадан каза тапты. Каза болгондор Өзбекстандын жарандары.

Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Кырсык боюнча иликтөө жүрүп жаткандыгы маалымдалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты