Франция тажрыйба алмашууга даяр
- 6 лет мурун
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Франция ортосундагы кызматташтык, мындан ары өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.
Өкмөт башчы Париждеги Нотр-Дам чиркөөсүндөгү өрткө байланыштуу француз элине терең кайгыруу менен көңүл айты.
Абылгазиев өлкөнүн гидроэнергетика, туризм тармагында кызматташууну кеңейтүүнү белгиледи.
Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик катчысы Жан-Батист Лемуан маалымдагандай, Кыргызстанга келген делегация курамында бизнес өкүлдөрү да бар.
Ал Франция туризм, суу ресурстарын пайдалануу, инновация жана санариптештирүүнү киргизүү жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин белгиледи.
Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык кызматыныкы.