«​Ынтымактуу конуштар” лигасы спартакиада уюштурат

  • 5 лет мурун

20-апрелде Бишкек шаарынын Ак-Ордо жаңы конушунда “Ынтымактуу конуштар” лигасы спартакиаданын ачылыш аземин өткөрөт.

Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдады.

Спартакиада “Жаңы конуштар тынчтык жана биримдик үчүн” деген ураан алдында өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты – тынчтыкты, биримдикти бекемдөө, социалдык жана гендердик теңчиликти спорттук мелдештер аркылуу жайылтуу.

Анда 10 жаңы конуштун: Ак-Ордо, Рухий-Мурас, Жеңиш, Көлмө, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Тилек, Бакай-Ата, Эне-Сай, Ак-Бата, 18 жаштан жогорку жашоочулары футбол, волейбол, аркан тартыш жана дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырат.

Тандап алуу жана финалдык оюндар 20-апрелде, 4-11-майда Ак-Ордо жана Эне-Сай конуштарында өтөт.

27-апрелде Кара-Жыгач токой паркында конуштардын тургундары дене тарбиялык даярдык боюнча нормативтерди тапшырышат.

Спартакиаданын салтанаттуу жабылышы жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо 18-майда болот.

Бул демилге БУУ менен биргелешкен долбоордун алкагында Бишкек шаарынын мэриясы жана БУУ үч агенттиги – ЮНФПА (Калкты жайгаштыруу фонду), ЮНИСЕФ (БУУ балдар фондусу), БУУ БКБ (Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы) тарабынан колдоого алынды.

Иш-чаралар “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду жана Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармасы менен бирге өткөрүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты