«Кесип кербени» өлкө боюнча өспүрүмдөргө кесип тандоодо жардам берүүдө

  • 5 лет мурун

2019-жылдын 9-апрелинде “Кесип Кербени” Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиядан старт алып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы бүтүрүүчү класс окуучуларына барды.

Кесиптик багыттоо тренингдери эми Нарынга, Таласка жана Караколго сапар алмакчы.

“Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматкаа ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берүү максаты менен уюштурулган.

Долбоордун багыттуу аудиториясы – республиканын бардык аймактарындагы мектеп-интернаттарынын жогорку класстагы окуучулары. aha.kg долбооорунун тренер-психологу Сейил Калдыбаева катышуучулардын психотибин жана психотипке ылайык кесиптерди аныктоо боюнча төрт сааттык сессия-практикум өткөрүүдө.

Андан соң, балдар менен Кыргызстандын иш рыногундагы муктаждыктарды эске алуу менен ЖОЖдордо билим алуу менен карьераны өркүндөтүү талкууланат. Ага кошумча, окуучулар шыктандыруучу тасма көрүп, келечек жана эң негизгиси, өздөрү жөнүндө сурап биле алышат.

Базар-Коргон айылындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы гимназия-жатак мектебинин директору Оморов Темирбай тренингге баштан-аяк балдар менен чогуу катышты. Бул тренинг жеке балдарга эле эмес, мугалим жана ата-энелерге да өтүлүшү керектигин, заманбап ыкмада өткөрүлгөн тренинг экенин баса белгиледи.

Бирок баарынан артык өспүрүмдөр таасирленди.“Башка семинарларга эле окшош болсо керек деп, башында катышкым келген эмес. Бирок мугалимдердин сунушу боюнча барып, чындыгында өзгөчө экенин, бардык үйрөткөндөрү чындык экенин көрдүм.

Өзүмдүн кесибимди тандай албай, кайсы окуу жайга тапшырсам ойлорум чаржайыт болуп жүргөм. Бүгүн болсо кесип тандап, бир чечимге келдим” – деп, 11-класстын окуучусу Гүляйым уюштуруучулар менен ачык бөлүштү.

«Майерс-Бриггс типологиясы: MBTI» тренинги өздүк жүрүм-турумду түшүнүүгө өбөлгө. Тренингдеги тапшырмаларыд аткаруу маалыдна коуч-психолог менен катышуучулар инсандык типтердин белиглерин байкап, аныкташат.

Жыйналган маалыматты иштеп чыгып, инсандын психологиялык бейнеси түзүлөт да, анын негизинде ар бир адамга баарынан жагымдуу боло турган тармактар жөнүндө тыянак чыгарууга болот. Ал эми кесип тандалып калган учурда, инсандын тубаса күчтүү жактарын эске алуу менен ал жаатта ийгиликтерди арттырууг сунуштар берилет. Өзүнүн инсандык тибин билүү жан-дүйнөнүн купулуна толчу кесип тандоого жана керексиз кыйынчылыктардын алдын алууга жардам.

Кара-Кулжа айылындагы 10-класстын окуучусу “Биринчи: Адамдар кандай топторго бөлүнөрүн жана кандай мамиле кылуу керектигин билдим. Экинчиден, кесип тандоого болгон мамилем өзгөрдү. Ал эми үчүнчүдөн, кандай кесип мага ылайк экенин билдим. Дээрлик баары жакты!” – деп, сабактан алганын тизмектеп, кайтарым пикир калтырган.

Долбоор КР Билим берүү жана илим министрлиги менен www.aha.kg билим берүүчү ресурсу биргелешип, КРдагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылууда.

«Кесип кербени» Европа Биримдигинин Билим берүү секторуна бюджеттик жардам программасынын маалыматтык компоненти алкагында мектеп-интернаттар үчүн уюштурулган. Европа Биримдиги мектептерге инновацияларды киргизүү, куррикулумду (окуу программасы) жаңыртууга мугалимдерди даярадоо сапатын жакшыртуу, инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү каралган реформалар үчүн Кыргызстанга 29,375 миллион евро берген.

Европа Биримдиги Кыргызстандагы бардык балдар экономикалык статусу же ден-соолук шарттарына карабастан сапаттуу билим алуусуна умтулат. ЕБ жана КР кызматташуусу жөнүндө толук маалымат КР Билим берүү жана илим министрлигинин сайтында.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты