Карамат Орозова Баткен прокурорунун өлүмү боюнча кылмыш ишине кызыкты

  • 5 лет мурун

Бүгун, 17-апрелде, Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен прокурорунун өлүмү боюнча кылмыш иши мыйзам чегинде жүрүп жатканын билдирди.

Депутат Карамат Орозова Баткен прокурорунун өлүмү боюча эл арасында өлүмгө тиешеси барлар сыртта, эркиндикте калып, алар бири-бири менен сүйлөшүп алат деген сөздөр болуп жатканын айтты.

Баш прокурор Жамшитов Баткен прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча алты кызмат адамы жумуштан алынганын, Калыков аттуу жаран камакка алынганын, ишти Ички иштер министрлигинин түштүк тергөө бөлүмү тарабынан жүргүзулүп, тергөө мыйзам чегинде болуп жатканын айтты.

Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы 18-ноябрда Баткенде өлтурүлгөн. Анын өлүмүнө шектелип, капиталдык курулуш башкармалыгынын ал кездеги жетекчиси Мелис Калыков кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты